Каныбек Туманбаев 13 миң доллар жана жашыруун камера тууралуу түшүндүрмө берди
Социалдык тармактарда бир канча күндөн бери өздөрүн «мекенчилдер» деп атаган топ жана алардын кармалуусу тууралуу талкуу уланууда. Алар президенттин иш башкармалыгынын башчысына жана президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысына карата бир топ сындарды айткан. Бул боюнча президент Садыр Жапаров дагы маек берип, коррупцияга аралашкандар мыйзам чегинде жазаланат деп айтты.
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев «Маралга» социалдык тармакта ага карата айтылып жаткан сын-пикир боюнча комментарий берди.
-Каныбек мырза, Азамат Марипов аттуу жарандын соцтармактагы видеокайрылуусу жарыяланды. Анда сизге карата бир топ дооматтар айтылды. Ошол боюнча комментарий берсеңиз. Ал айткандай чын эле 13 миң доллар бердиңиз беле? Өкүл ата болуу сунушу жана башка айткандары чынбы?
-Эми суроо берип калдыңыз мен баарын төкпөй-чачпай айтып берейин. Мага Азамат Марипов: «Мен мекенчилдердин башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп атам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да үйлөнүү тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз»,- деп келгени чындык. Мен ары ойлонуп бери ойлонуп эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Өзү 13 миң доллар чыгым болот экен деп эсептеп келиптир.
Дал ошол маалда Бишкектеги Ахунбаев көчөсү 80деги жер тамымды сатып, акчасы колумда турду эле. Кадастрдан барып карасаңар переоформлениеси чыгат.
Акча керек болуп 330 миң долларга саткам. Ал үйдү 2017-жылы сатып алып, акчасын толук кутулуп бүткөндөн кийин 2020-жылы иниме каттап, өзүм жашап жаткам. Ошол 330 миңден 13 миңин бердим эле. Анан кийин сурасам үйлөнбөй эле жүрөт. Эмне болду десем кыз жакпай калды деп койду. Ии башка кыз алса керек деп ойлоп койгом.
Кийинчерээк тез-тез эле телефон чала берди, смс жаза берди. Менин ишим көп жооп бергенге убактым жок, жооп жаза албадым. Анан эле шантаж кылганга өттү: “Бүгүн кабыл албасаң кеч болот, эртең түз эфирге чыгып сени шыбайм”, — деп. Ай эмне болду сага? Сураган жардамыңды бердим го? Башка акча жок десем, “Ал акчаңды Адинай карындашым менен Кудрет агамдын карыздарын жаптым, мага дагы акча керек болуп” атат деди. “Жок башка акча” деп телефонду коюп койдум.
Ошондон баштап өзү баш болуп «мекенчилмин» деген башка балдар баары биригип мени социалдык тармактардан каралап баштады. Мен президентке «Азамат Марипов мени шантаж кылып атат», — деп кирип айттым . Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик.
Президент: «Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша» деди. Азамат Марипов президенттен экинчи кайталанбайт деп кечирим сурады. Анан президент суроо берди: «Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың дегенде, маңдайында отурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун 4 баласы бар экенин, ал жумушсуз отурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым» деп жооп берди.
Ошол жерден бир тууган карындашы Адинай Марипова дароо президенттин көзүнчө уяткарды. “Эй эмне алдап атасың? Качан менин карызымды жаптың? Менден карызга алган 50 миң сомумду эле кайтарып бердиң го? Кайсы карызымды жаптың” дегенде унчукпай калды. Президенттин алдында уялып да калбайт экен. Берки бир тууганы унчуккан жок. Ага берсе бир азыраагын берсе керек да.
— Андан кийин өз ара пикир келишпестик эмнеден улам келип чыкты?
-Орусча айтканда «Мою доброту за слабость принимать» этти. Коркутсам эле акча берет экен деп ойлоду. Асмандан жаап аткан акча жок да. Биз иштеп жүрсөк эле “Ии булар акчаны күрөп атат” деп түшүнөт окшойт? Былтыр, атын айтпай эле коеюн, бир мекенчилмин деген бала мага: “Бизге деле курулуш иштерин бергиле. Биз деле акча табалы” деп келди. “Ме кур” деп МИКке салынып жаткан бир курулушту сунуштадым. Квадрат метрин 850 доллардан курам дейт. “Эй андай болбойт. 550дөн 650гө чейин гана болот. Болгондо да толук кандуу куруп бүтүрүп берүү керек. Андан ашык МИК төлөбөйт десем, «мага эч нерсе калбайт турбайбы» деп кетип калды. Президентибиз өкмөт өзүбүз курсак сапаттуу анан арзан курат экенбиз деп, МИК аркылуу массалык түрдө курулуштар жүрүп жатпайбы. Ошол курулуштарды көрүп алышып ии биякта чоң акча бар экен деп ойлоп атышса керек?
Өткөндө депутаттар да кыдырып көрүп кетишти. Өз көздөрү менен көргөндөн кийин аа карапайым эл үчүн жакшы иштер жүрүп жаткан турбайбы деп кетишкен.
-Чайханадагы ооз ачарда жашыруун камера коюп аткандар сизди коштоп жүргөн балага окшош деп айтылды. Чын эле ошолбу? Эгер ошол болсо видеокамераны койдурганга тиешеңиз барбы? Болсо, кандай максатта коюлду эле?
-Ооба ошол. Мени коштоп жүргөн бала. Күзөт кызматынын (СГО) кызматкери. Мындан бир жыл мурда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев мага телефон чалып мени коркуткан: «Ээй бала, сен түбөлүк кызматта турбайсың. Эртең эле менин колума түшүп каласың. Менин обьектилериме тийишпе» деп. Жалгыз эле Көлбаевдикин эмес мыйзамсыз менчиктештирилген объектилердин баары мамлекетке кайтарылып жатпайбы. Ал анын баарын мен кайтарып аткандай көрүптүр. «Мен мамлекеттин саясатын, буйрукту гана аткарам» десем болбой коркутту. Далилдер турат. Ошондо президентибиз кайтарууга алынсын деп күзөт кызматынын бир кызматкерин бөлүп берген. Ал дем алыш күндөрү менин жанымда болбойт. Өз иштери менен жүрөт. Камера койдурганга менин тиешем жок. Эмнеге жана ким үчүн койгону боюнча мен айта албайм. Өзүнөн сурагыла.
Эми ушул жерден кандай болгонун ийне жибине чейин айтып берейин. Эл баасын берсин. Мен кандай болгонун териштирдим. «Мекенчилмин» дегендерди менин жан сакчым чакырган эмес. Башка эле биз тааныбаган бала өздөрүнүн «мекенчилмин» деген бирөөсү ооз ачарга чакырган экен. 19-кабинаны заказ бериптир. А менин охранам камера коюп жаткан кабина 4-кабина экен. Таптакыр башка максатта коюп жаткам деп түшүндүрдү мага. «Мекенчилмин» дегендер менин жан сакчымды таанышат да. Сен биякта эмне кылып жүрөсүң деп өздөрүнө тиешеси жок эле 4-кабинага кирип келишип, коюп аткан камераны жулуп алышып ызы-чуу чыгарышкан экен. Анан кафенин администратору келип: “Силер 19-кабинаны заказ бербедиңер беле. Тиешеңер жок кабинага эмнеге кирип бардыңар”, — деп баарын 19-кабинага жетелеп кетиптир. Мына ушундай акыркы болгон окуялар.
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери 8-апрелде бейбаштыкка шектелген топту кармап, алты адамдын сүрөтү жарыяланды. Интернет колдонуучулар алардын көбүн «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү деп таанышып, алардын кармалышы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек берип, кармалган «мекенчилдер» тууралуу комментарий берди. Ал кармалгандардын арасында бирөөлөрдү коркутуп, жеңил акча таап жан баккандары бар экенин айтты. Садыр Жапаров аларды бир ай мурун чакырып, мыйзамдуу иштешин эскерткенин билдирди.
Садыр Жапаров бул кармоо менен иш-чаралардын биринде жашыруун камера табылып, андан кийин белгилүү бир видеотасма коомчулукка жарыяланган фактынын байланышын четке какты. Окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын кошумчалады.