Баланын абалы начарлаганда кандай биринчи жардам керек? Педиатрдын кеңеши
Акыркы учурда өлкөдө балдардын өлүмү менен коштолгон бир нече чуулгандуу окуялар катталды. Бөбөктөрдүн жашоосунун кыйылышына ким күнөөлүү? Төмөнкү макалада адис балаңызды ыкчам кырдаалда кантип сактоо кеңешин берет.
“Алдаба Не-ври” редакциясында “Дени сак бала” клиникасынын балдар дарыгери Нуржан Касканова болуп, баланын абалы оорлошуп, кандайдыр бир себептер менен ден соолугу начарлаган учурда ата – эне өзүн кандай алып жүрүшү керектигин айтып берди.
Ошондой эле биз Кыргызстандагы наристелердин кызамык, сасык тумоого кескин чалдыгышынын негизги себептери жана аны алдын алуу маселелери тууралуу баарлаштык.
- Бөбөк өзүн начар сезе баштаганын билгенден кийин ата-эне кандай биринчи жардам бере алат?
- Эгер бөбөк өзүн начар сезе баштаса, биринчи аны апасы сезет. Эң биринчи белгилери , эгер бала эмчекте болсо, ал сүт жакшы эмбей баштайт. Же болбосо жакшы суу ичпей, дене табы ысып, дем алганы оорлоп, ичи өтүп, шайы кете баштаганда ыкчам түрдө тез жардамга кайрылуу керек. Эң негизгиси ата – эне болобу же бөбөктүн жанындагы чоңдор өздөрүн дүрбөлөңгө алдырбай, жашаган дарегине тиешелүү бейтапканадагы педиатрга сөзсүз кайрылуусу абзел. Балдардын өмурүн сактап калууда ар бир мүнөт маанилүү экенин эскерте кетейин. Ал эми айылда, алыскы аймактарда болуп, жакын арада орукана жок болсо, ата – эне үйдөн өз алдынча жардам көрсөтө алат. Дене табы ысып, шайы ооп жаткан болсо, көбүрөөк эмчек эмизүү пайдалуу. Негизи эмчектеги баланы эң мыкты дарылоо жолу бул - көбүрөөк эмизүү. Акыркы учурда балдарда “бледная лихорадка” деген көп кездешип жатат. Оорунун симптомдорунда бала бозоруп, колу-буту муздап, ичи ысыйт. Бул белгилерди ата – энелер көп учурда байкабай калышат. Колу – бутун кармап, дене табы жок экен деп коюшат. Убагында дары берилбей бөбөктүн денеси титиреп, талмасы кармап калышы мүмкүн. Акыркы эки жылда ушундай фактылар көп кездешип жатат.
Ата – энелерге баланын дене табын градусник менен ченөөнү сунуштайт элем.
- Азыркы тапта кандай оору менен көп кайрылып жатышат?
- Азыркы тапта балдар көп кызамык, сасык тумоонун ар кандай туру менен, өпкө оорулары менен көп жабыркап жатышат. Негизи баланы 3 күн үйдө дарылап, көбүрөөк суюктук берип, сүт эмизүү керек. Жаш энелер дароо эле бейтапканаларга алып барышат. Баланын иммунитети алсыз болуп турганда ал жактан дагы башка инфекция жугуп жатпайбы. Ошентип ооруган бөбөктөрдүн саны өсүүдө.
- Учурда балдардын иммундук системасы алсыз. Буга эмне себеп?
- Ооба, учурда балдардын иммунитети аябагандай алсыз болуп төрөлүп жатышат. Мунун бирден бир себеби эненин иммундук системасынын алсыздыгында. Энелердин 80 пайызынын каны аз. Кыргыздар аз кандуулукка маани бербей жүрө беришет. Анемияны дарылоо үчүн 3-6 ай үзбөй дары ичүү керек. Ага биздин чыдамыбыз жетпейт. Мындан улам баланын организмине кычкылтек жакшы барбай, наристенин өрчүшү кечендеп, мээсине кан жетпей баштайт. Төрөт учурунда кандын көп кетиши, баланын ара төрөлүшү, кан басымынын көтөрүлүүсү, төрөп жаткан эненин акыбалынын начарлап кетиши аялдын ден соолугунан көз каранды. Алсыз энеден алсыз бөбөктөр төрөлүп жатат.