Ирандан Кыргызстандын 28 жараны эвакуацияланды
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Ирандагы жана Азербайжандагы элчиликтер менен бирге 28 кыргыз жаранын Азербайжанга өткөрдү.
Эвакуацияланган жарандар жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келет. Тышкы иштер министрлиги кайтаруу ишине Баку көмөктөшкөнүн билдирди.
Буга чейин расмий Бишкек Иран менен Израилдин ортосунда чыңалуу күчөгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, бул өлкөлөрдөгү жарандарды этият болууга чакырган.
Иран менен Израилдин ортосундагы абал 13-июндан бери курчуп, эки өлкө бир-бирине сокку урууда. Соңку маалыматтар боюнча, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.
Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 15тей адам набыт болгонун билдирди.