Бишкекте жогорку окуу жайга кирген ууру кармалды (Сүрөт)

Бишкекте жогорку окуу жайлардын бирине уурулукка кирип, компьютер көтөрүп кетүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Окуя 15-февралда болгон. Кылмышкер окуу жайга кирип, баасы 73 миң сомду түзгөн компьютерди уурдап чыгып бара жаткан жеринен кармалган.

Жерине ыкчам-тергөө тобу чакырылып, шектүү катары кармалган 60 жаштагы жаран милицияга жеткирилген.

Өздүк булактар билдиргендей, шектүү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине уурулукка кирген.

10:41, 21-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар