УКМКнын 9-кызматынын кызматкери джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи

УКМКнын 9-кызматынын кызматкери джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2023-жылдын 2-10-ноябрында Абу-Дабиде (БАЭ) джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Профессионалдык джиу-джитсу боюнча бул чемпионатка 127 өлкөдөн 7000дей спортчу катышты.

Чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясындагы 77 кг салмакта 1-орунду  КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээледи.

14:03, 10-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар