15 жаштагы окуучу кызды бадалдын арасына сүйрөп барып, зордуктоого аракет кылган адам изделүүдө

15 жаштагы окуучу кызды бадалдын арасына сүйрөп барып, зордуктоого аракет кылган адам изделүүдө

Бул тууралуу активист Эртай Искаков жазды. Айтымында окуя 24-ноябрда Манас/Ж-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал окуучу кызды бадалдын арасына сүйрөп барып, зордуктоого аракет кылган.

"Кыз каршылык көрсөтүп, бошонгондон кийин видеого тартып алган. Азыр милиция аны издеп жатат. Белгилей кетсем, окуя эртең менен саат 8.30да болгон. Шаардын борборунда. Ал эми жардам сурап кыйкырыктарга эч ким жооп берген эмес. Ал эми "өзү күнөөлүү" дегенди жакшы көргөндөр үчүн кыз шым кийип жүргөн",-дейт ал.

10:17, 28-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар