Милиция: Лейлектин тургуну таанышын атып, андан соң өзүн атып алган
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 21-августта Лейлек районунун тургуну таанышын атып, андан соң өзүн атып алганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кечээ саат 16:27 чамасында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы М.К. аттуу адамдын белгисиз ок атуучу куралдан каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Маалымат ошол замат маалыматтардын электроондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып барган.
Тергөө маалында аныкталгандай, М.К. аялы экөө өзүнүн Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаада тойдон кайтып келе жатышканда, аларды мурдатан тааныган, ортосунда айрым келишпестиктер болуп жүргөн Ак-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Б.М. токтоткон. Б.М. учурашкан соң өзүнүн унаасында турган ок атуучу куралын алып чыгып М.К. аттуу жарандын көкүрөгүнө эки жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетип калган.
Кылмышка Б.М. аттуу шектүүгө ыкчам-издөө иш-чаралары уюштурулган. Саат 17.50 чамаларында ал Лейлек районунун Кара-Таш жайытында өзүнүн атына катталган 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралы менен өзүнүн көкүрөгүнө өзү атып каза болгондугу белгилүү болду.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалары дайындалды. Сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.