Чу дарыясына түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Күн мурун Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын сөөгү табылды.

ӨКМден билдиришкендей, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында 15-апрелде дарыяга 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

Ошол убактан бери издөө улантылып келген. Кечээ куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

11:48, 21-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар