Бишкек шаарынын мэриясы “Аккула” ат майданынын жерин сатуу үчүн кайрадан аукцион жарыялады.
Бишкек шаарынын мэриясы “Аккула” ат майданынын жерин сатуу үчүн кайрадан аукцион жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
16-майга белгиленген биринчи аукцион арыз жоктугуна байланыштуу өтпөй калган.
Мэрия аукционду апрелдин башында жарыялаган. Мындан кийин социалдык тармактарда аталган демилгени сынга алгандар ат майдандын жерин паркка айлантууну сунуштап чыгышкан. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев муну журналисттерге комментарийлеп жатып, “шаарда батирге муктаж жарандар көп экенин айтып, көп кабаттуу үйлөр түшкөнү туура болот” деп айткан.
Белгилей кетсек, ат майдандын аянты 45,73 гектар. Объектинин баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сом (97 млн. доллардын тегереги) деп бааланган.