Садыр Жапаров атасы Мусталый уулу Нургожо ажынын аты берилген мечитти ачты
Президент Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышып, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырган.
Жаңы мечит 1500 орунга ылайыкталып, эл аралык кайрымдуулук фонддун каражатынын эсебинен курулган.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин карманарын жана кыргыздардын жүрөгүндө жаратканга ишеними бекем экенин белгилеген.