Бишкек шаарында жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт
Быйыл Бишкек шаарында жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган. Буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койгон.
Мэрия күйүүчү май 600 миллион сомдон ашык үнөмдөлгөнүн, ошол эле учурда көмүрдүн салыштырма чыгымы 400 граммдан 200 граммга чейин саатына 1 кВт кыскарганын билдирди.