Кыргызстан бензиндин импортун көбөйттү
Кыргызстан бензиндин импортун көбөйттү — Орусия негизги камсыздоочу бойдон калууда
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанга 73,3 миллион долларга 170,2 миң тоннадан ашык автобензин импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Күйүүчү майдын негизги көлөмү Орусиядан келген – 168,7 миң тонна. Ошондой эле аз өлчөмдө бензин Казакстандан (776,4 тонна) жана Беларустан (745 тонна) ташылып келинген.
Салыштыруу үчүн, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата импорттун көлөмү 118,3 миң тоннаны түзгөн, ал эми ташуулар Россиядан гана ишке ашырылган.