Кыргызстан ЕАЭБде чекене соода көлөмүнүн өсүшү боюнча лидер болду

Кыргызстан ЕАЭБде чекене соода көлөмүнүн өсүшү боюнча лидер болду. Мындай жыйынтык ЕЭКтин маалыматтарын изилдөөдө келип чыккан.

Январь-октябрь айларында ЕАЭБде чекене соода көлөмү орто эсеп менен 7,8 пайызга өстү.

Өлкөлөр боюнча өсүү төмөнкүчө бөлүндү:

Кыргызстан — 13,4 пайыз;

Беларусь — 11,8 пайыз;

Казакстан — 8,7 пайыз;

Россия — 7,5 пайыз;

Армения — 4,1 пайыз.

11:05, 25-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар