Жалал-Абадда курулуп жаткан мектепте коррупция аныкталды

Башкы прокуратура Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында курулуп жаткан мектепте коррупция аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылда жайгашкан М.Төрөмаматов атындагы орто мектептин курулушунда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Ф» ишканасы менен сүйлөшүп алып, иш жүзүндө аткарылбаган иштерди кабыл алышкан. Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 640 миң 980 сомдук зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 1 млн 188 миң сомдук 250 кВт генераторду 2 млн 30 миң сомго сатылып алынды деп көрсөтүшкөн.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379-беренеси (документ жасалмалоо) жана 210-беренеси (мүлктү ыйгарып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Иш облустук милицияга тергөө үчүн жөнөтүлгөн.

11:09, 26-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар