Кыргызстанда бир жумада 200 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 200 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-10-ноябрда өлкөдө 14 миң 384 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 66 унаа айып короого коюлган.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 389;

Мас абалында унаа айдагандар – 200;

Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 36;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 336;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2454;

Автоээнбаштык -7;

Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2965;

Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 1;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7994;

11:20, 11-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар