Түркияда чет өлкөлүктөрдү сойкулукка мажбурлаган топ кармалды
Түркиянын Конья провинциясында чет өлкөлүк кыздарды сойкулукка мажбурлап иштетип келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазууда.
Маалыматка караганда, алар кыздардын сүрөттөрүн интернет баракчаларга жарыялап, кардарлар тарабынан тандалгандарды бир түнгө 5-6 миң лирага баалашкан жана такси менен жолугушчу жерге жөнөтүп келишкен. Полиция аталган топту кармоо үчүн 3 айга созулган атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 8 киши кармалып, алардын 5и камакка алынса, 3ү соттун көзөмөлү менен коё берилген.
Ал эми Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайжандан келген 24 жабырлануучу өлкөдөн чыгарылган.
Ошондой эле шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүүдө 1 ок атуучу курал, 50 даана маңзат таблеткалары, 25 миң 660 доллар, 95 миң 205 лира, 70 миң өбек суму жана алтын сөйкө, билериктер табылганы айтылат.