Эми унааларга OVD, OWD, SEX, TJK, UBD, UVD номерлери берилбейт
“Унаа” мамлекеттик мекемеси менен “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунаалар үчүн берүүгө жол берилбеген тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик номурлардын тизмеси бекитилди.
Мындай аббревиатуралар уятсыз жана эки маанини түшүндүрөт деп саналган. Тыюу салынган тамгалардын комбинациясынын болжолдуу тизмесине AKC, AKS, HER, LOH, LOX, MBD, MVD, MWD, OBD, OOH, OON, OVD, OWD, SEX, TJK, UBD, UVD, UWD, UZB, XEP, XUI, XUY, BOP, OPG, AUE, VOR, ZEK кирген.