Жети-Өгүздөгү спорт лагери мамлекеттин балансына өттү
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы спорт лагери мамлекеттин балансына өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган лагер 2003-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөн. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында менчик ээлери спорт лагеринин имаратын жана ага тиешелүү 213, 67 чарчы метр жерди өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп беришкен.