Бишкекте айдоочу унаасында баратып каза болду

Бишкекте айдоочу унаасында баратып каза болду. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 28-ноябрда 65 жаштагы айдоочу (Б.А.) Мерседес-Бенц Е320 унаасы менен Элебесов көчөсүндө баратып, Февраль көчөсүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн 46 жаштагы кишини (А.Н.) сүзүп алган. Анын айынан жөө адам ооруканага тез жардам унаасы менен алынып кеткен. Мерседес-Бенцтин айдоочусу аны коштоп жөнөгөн. Жолдо баратып ал Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде көз жумган.

Аталган фактылар милицияда каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөө иштери уланууда.

11:22, 29-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар