Сегиз айда мас абалында унаа айдаган 8 миңден ашык айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылган
Сегиз айда мас абалында унаа айдаган 8 миңден ашык айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылган
Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылдын март айынан ноябрь айына чейин өлкө боюнча мас абалында унаа башкаргандардын саны 15%га, ал эми мас абалында болгон жол кырсыктары 26%га азайган.
“Учурда жол кырсыктарын алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан рейддер жүргүзүлүп, мас абалында жол эрежесин бузган айдоочуларга карата катуу чаралар көрүлүүдө”, - дейт кайгуул кызматы.