УКМК чек арадан чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз өткөрүп жүргөн топту кармады

 

Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу Казакстан Республикасына чет өлкөлүк жарандарды системалуу түрдө мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз миграциянын каналын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу Казакстан Республикасына чет өлкөлүк жарандарды системалуу түрдө мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2023-жылдын 29-октябрында КР УКМКнын кызматкерлери КР УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Ысык-Ата районунун аймагында Кыргыз Республикасынын чек арасынан Казакстан Республикасына мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Пакистан Ислам Республикасынын 3 жаранын “S.M.”, “A.L.” жана “K.A.”, ошондой эле бул мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналынын уюштуруучулары Эл аралык медициналык университеттин Медицина факультетинин 5-курсунун студенти Пакистан Ислам Республикасынын “U.N.” аттуу жаранын жана Кыргыз Республикасынын “Т.Э.Т.” аттуу жаранын кармашты.

Мындан тышкары, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасына Пакистан Ислам Республикасынын 3 жаранын турист катары киргизген мыйзамсыз миграциялык каналдын кошумча катышуучулары аныкталды, алар да тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган.

Уюштуруучулар Пакистан Ислам Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасына өткөрүү үчүн 1700 АКШ долларына чейин каражат алышканы аныкталды.

КР УКМК тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети боюнча Пакистан Ислам Республикасынын үч жаранына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде кылмыш иши козголду.

Мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (“Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Пакистан Ислам Республикасынын 7 жараны 2 айлык мөөнөткө КР ЮМ караштуу ЖАКнын №1 тергөө абагына камалды.

Учурда мыйзамсыз миграциянын бул туруктуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

16:21, 10-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар