Кыргызстанда бир жумада 309 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 309 ма айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 27-январдан 2-февралга чейин өлкө аймагында 25 миң 87 жол эреже бузуу аныкталып, 2 миң 549 унаа айып короого коюлган.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 664;

Мас абалында унаа айдагандар – 309;

Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар – 81;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 миң 686;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 миң 384;

Автоээнбаштык – 68;

Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 42;

Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 6;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 298.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

10:25, 03-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар