Уставдык капиталы 500 млн$: Түрк инвестициялык фонду түзүлөт.

 

Кыргызстанда 500 миллион доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду түзүлөт. Тиешелүү макулдашуу парламенттин тармактык комитетинде каралды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналарын айтты.

Уставдык капиталга кыргыз тараптын үлүшү 70 миллион долларды түзөт. Ал үч жылга республикалык бюджеттен төлөнөт.

"Фонддун иштеши чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу рынокту түзүүгө жана өлкөнүн эл аралык рейтингдерде позициясын жакшыртууга көмөктөшөт", — деди Абдрахманов.

10:02, 24-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар