Бишкекте мурдагы №17 троллейбус каттамынын ордуна автобус жүрө баштайт

Бүгүн, 14-февралдан тарта Бишкекте мурдагы №17 троллейбус каттамынын ордуна автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

№17Т автобус мурда №17 троллейбус каттаган жол менен жүрөт. Бул каттам боюнча автобус 12-кичирайондон Булгаары заводуна чейин («Дордой» базары) барат.

09:59, 14-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар