БШК мандат иши боюнча Султанбай Айжигитовго жооп берди
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитовдун социалдык тармактарда жасаган билдирүүсүнө комментарий берди. Боршайком сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүү мекеменин ыйгарым укугуна кирбей турганын, конституциялык мыйзам боюнча БШК шайлоолорду жана референдумдарды даярдап жана өткөрүүнү камсыз кылуучу орган экенин билдирди.
БШК Султанбай Айжигитов депутаттык мандатына байланыштуу маселеде мыйзамдарды бурмалап, коомчулукту адаштырып жатканын белгиледи.
Султанбай Айжигитов аны мандаттан ажыратуу тууралуу БШКнын чечимине байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн 8-апрелде Боршайкомго арыз берген. Ага жооп болбогондуктан 14-апрелде дагы бир арыз калтырган. БШК ага ошол эле күнү жооп берип, Боршайкомдун аны мандаттан ажыраткан чечимине каршы сотко кайрылса болорун билдирген. Султанбай Айжигитов сотко берерден мурун Административдик процессуалдык кодекс боюнча сотко чейинки териштирүү болушу керектигин айтып жатат.
БШК шайлоо боюнча конституциялык мыйзам кодекстен жогору экенин, ушундан улам мекеме сотко чейинки териштирүү жүргүзбөй турганын кошумчалады.