Бүгүн Бишкектин бир катар аймактарында суу өчөт
“Бишкек суу канал” ишканасы тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Буга байланыштуу 7-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Суу өчө турган даректер:
М.Фрунзе көч., Манас пр., Жибек Жолу пр., Турусбеков көч., Баялинов көч., Абдрахманов көчөсү.
Ишкана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.