Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Майлуу-Суу шаардык милициясынын М.А., К.Н. аттуу жана башка кызматкерлери ыйгарым укуктарынан аша чаап, бир нече жаранды сабап, зомбулук көрсөткөн деп шектелүүдө.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (дене бойго зомбулук колдонуу менен бийликтен аша чабуу) жана 280-беренеси (алдын ала бүтүм боюнча адамдарды тобу тарабынан жасалган бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштерин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.

14:16, 03-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар