Токтогул суу сактагычында суу көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычында 27-июнга карата 10 млрд 826 млн метр куб суу топтолду. Бир ай мурда - 27-май күнү анда 9,5 млрд метр куб суу бар болчу. Былтыр ушул күнү суу сактагычта 10,079 млрд метр куб суу болгон.

"Электр станциялары" ишканасы маалымдагандай, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 972 метр куб суу агып кирсе, 449 метр куб суу иштетилүүдө.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин азайткан.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

 

16:58, 27-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар