Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келе тургандыктан 12-13-мартта Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маал-маалы менен жабыла турган көчөлөр:

Манас эл аралык аэропорту — Бишкек жолу;

Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

Манас жана Ч. Айтматов көчөлөрү Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейин;

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынан тартып Ата-Бейитмемориалдык комплексине чейинки жол.

Жол милициясы айдоочулардан 12-13-мартта  аталган көчөлөрдүн жээктерин унааларын калтырбоону, жүк ташуучу чоң унаалар менен жолго чыкпай турууну, жол эрежесин сактоону суранат.

Эгерде башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

09:21, 11-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар