Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 132 млн куб метрди түздү

Ушул убакта Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 132 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Суунун агып келиши секундасына 164 куб метрди түзсө, агып чыгуусу секундасына 773 куб метрди түзүүдө.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган.

10:00, 27-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар