Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма жол менен каттатып жүргөндөр кармалды

Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма жол менен каттатып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Д. М. Т., Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А. А. К. жана прокуратуранын мурдагы кызматкери У.Р.М. аттуу жарандар жер сатуу боюнча кылмыштуу схема уюштурган.

“Шектүүлөр Садовое айылында турак жай салууга арналган жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Алар муктаждардын кезегин жылдырып, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдорун өзгөртүп, тиешелүү адистерин кол тамгаларын жасалмалашкан. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуп, алардын аттарына жер тилкелерин жасалма негизде каттаган”, — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча “Коррупция” жана “документтерди жасалмалоо” боюнча иш козголуп, шектүүлөр камакка алынганы кошумчаланды.

16:23, 01-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар