Ысык-Атада мектеп окуучусу асынып алды

Ысык-Атада мектеп окуучусу асынып алды

Ысык-Ата районунда мектеп окуучусу асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 24-февраль күнү райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө саат 08:00дөр чамасында Буденовка айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда 2008-жылы туулган К.М. асынып, өз жанын кыйганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери К.М.нын денесинен эч кандай күч колдонуу жаракаттарын табышкан эмес. Окуучунун өз жанын кыюунун себеби такталууда. Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

12:20, 26-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар