Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды

Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, ымыркайды Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челектен окуучу балдар таап алган. Окуя 28-январда болгон.

Аталган факт боюнча милиция кылмыш ишин козгоп, ымыркайдын энесинин өздүгүн аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө.

Учурда ымыркай ооруканада.

10:00, 29-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар