Таластын Бакай-Ата районунун акими кармалды

Таластын Бакай-Ата районунун акими кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Бакай-Атанын акимчилигинин кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз берип келгени аныкталган. 2009-жылдан 2024-жылга чейин айыл чарба багытындагы 95,9 гектар жер үй куруу үчүн берилип кеткен.

Бул ишке аталган райондун акиминин (И.А.) катыштыгы бар экени аныкталып, ал 11-мартта шектүү катары кармалган. Аким Талас шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул фактыга катыштыгы бар адамдарды жоопко тартуу боюнча иштер уланууда.

15:09, 17-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар