Бишкекте аялын сабаган адамды милиция камакка алды
Бишкекте аялын сабаган адамды милиция камакка алды
Милициянын маалыматына караганда, окуя борбор калаанын Кара-Жыгач конушундагы үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Анын видеосу тарап, кызуу талкууну жараткан.
1996-жылы туулган жаранга карата «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды.