"Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары үч күнгө жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда Жаз майрамы белгиленгенине байланыштуу 29-январдан 31-январга чейин аталган бекеттер убактылуу жабылат.
Чек ара 1-февралдан тарта ачылып, өткөрүү пунктулары кадимки тартипте иштей баштаары кошумчаланды.