Кыргызстанда бир жумада 287 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда бир жумада 287 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11нен 17-ноябрга чейин өлкөдө 19 миң 508 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 678 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада катталган жол эреже бузуулар:
Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 миң 180;
Мас абалында унаа айдагандар – 287;
Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 279;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 490;
Автоээнбаштык – 6;
Ылдымдыкты ашырып айдоо – 3 миң 243;
Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 2;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 859.