“Башына кан уюп калган”. Караколдо көк бөрүдөн жабыркаган жигит комага түштү

Бүгүн, 5-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирдин жүрүшүндө 24 жаштагы улакча башынан каттуу жаракат алып “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген бирок, ал  комага тушүп калды.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган улакчы башынан каттуу жаркат алган. Азыркы учурда анын абалы оор. Улакчыга тезинен операция жасалышы керек болууда.

Дарыгерлердин айтымында, анын башына кан уюп калган.

14:55, 05-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар