“Жунда” заводу 160 млн долларга модернизацияланат (видео)
2-июлда Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Орто Азия энергетикалык компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Чайна Петрол” компаниясына таандык мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин башчысы Талантбек Иманов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Макулдашуунун алкагында 160 млн АКШ долларынан ашык сумма инвестиция катары салына турган болду.
Инвестициялык келишим Чүй облусунда бензин, дизель жана суюлтулган газ өндүрүүчү мунайды кайра иштетүүчү заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга багытталган.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоорду ишке ашыруу мунайды кайра иштетүүчү заводдун техникалык абалынын олуттуу жакшырышына алып келет. Бул анын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
Былтыр август айында Акылбек Жапаров “Жундага” барып, өндүрүш аймактары менен таанышып, төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана жаңылоо маселеси каралган. Өкмөт быйыл мартта "Жунданы" ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатканын кабарлаган.