Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Жакшы жаңылыгыбыз бар. Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенинде 2026-жылы өтө турган болду”, — деди ал.

Ал кошумчалагандай, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары 14 медалга ээ болуп, учурда жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө.

10:21, 10-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар