Студенттер да 12-13-март күндөрү аралыктан окушат
Бишкек шаарында жайгашкан колледж жана жогорку окуу жайларынын студенттери 12-13-март күндөрү аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Мындай чечим бул күндөрү боло турган Тажикстандын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарына байланыштуу кабыл алынган.