Ысык-Көлдөгү 5 миллион долларга бааланган эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды (Сүрөт)

Ысык-Көлдөгү 5 миллион долларга бааланган "Лагуна сити" эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы, ошондой эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада эс алуу борборунун бир бөлүгү, тагыраагы, коттедждер, мончо, сауна, кафе, ресторан жана адиминистративдик имараттар мамлекеттин балансына өттү.

11:16, 03-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар