Абдалиев мандатып тапшырып, ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болду
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясындагы бошогон депутаттык орунду кийинки тизмеде турган талапкер Арсланбек Эгембердиевге берди. Тиешелүү чечим комиссиянын 19-августтагы отурумунда кабыл алынды.
Чечим кабыл алынары менен ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Арсланбек Эгембердиев соңку алты жылдан бери "АККА Петролеум" деп аталган компанияда директор болуп келген. Ал 2021-жылкы парламенттик шайлоого “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 34-катарда катышкан.
Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевдин мандатын өзү жазган арызынын негизинде алган.