Бүгүн Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек уулу Айбек күрөшөт
Ал турнирде 66 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/16 финалдык баскычынан баштайт. Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 дө болот.
Айбек 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпиону. 2022 - жылкы Грузиядагы Чоң шлем жеңүүчүсу.
Айбектин атаандашы Украиналык Б. Ядов. 27 жаштагы Ядов Эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Ал 2022-жылкы Европа чемпиону жана 2023-жылы Париждеги Чоң шлемдин жеңүүчүсү. 2014-жылы Кытайда өткөн жаштар олимпиадасында Ядов күмүш байгеге ээ болгон.