Ошто 60 айфондун коробкасына телефондун ордуна буроолорду салып, алдап кеткендер кармалды
Ош ШИИБ билдиргендей, шаар тургунуна унаасын «сатып алуучулар» кайрылышкан. Алар анын эки KIA Sorento унаасын 45 миң долларга баалап, акчаны кийинчерээк кайтарып берүүнү убада кылышкан. Алар күрөөгө iPhone 14 жана iPhone 15 үлгүсүндөгү 60 таңгак таштап кетишкен.
Акчаны төлөө мөөнөтү келгенде, унаа ээси кутулардын бирин ачууну чечкен. Анда телефондун ордуна буроолор салынганын көргөн. Ушундай эле буроолор барлык кутуларда болгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Коён" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана 21 жаштагы кыз кармалды. Ал дагы бир унааны «сатып алуу» боюнча ишке аралашкан.