Садыр Жапаров 18-19 июль күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

 Садыр Жапаров 18-19-июль күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. 

 Ал Өзбекистандын президенти  Шавкат Мирзиёев менен бардык тармактагы кызматташтыкты жана кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт.

 Жапаров ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат. Сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкөнүн университет ректорлорунун форуму да болот.

13:22, 17-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар