Бишкек- Ош унаа жолунда дрон колдонулууда
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолунда дрон менен жол эрежесин бузгандар аныкталууда.
Атайын тесттик режимде жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында дрон менен байкоо жүргүзүлүп, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, алдыдагы авто унаадан ашып өтүү, озуп өтүү өңдүү жол эрежелери аныкталууда.
14-июлдан бери дрондор аркылуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда байкоо жүргүзүлө баштаган.