Жарандардан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына 7 ай аралыгында 34 511 кайрылуу келип түшкөн. (Видео)
Жарандардан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним номуруна 7 ай аралыгында 34 511 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2024-жылдын 21-майынан тартып, жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 ватсап номурун ишке киргизип, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берип келүүдө.
Бул ишеним номуру ишке киргенден тартып, жол эрежесине кайдигер карабаган жарандарыбыз көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылар боюнча 34 511 кайрылуу жөнөтүшкөн.
Алырдын ичинен:
-18 969 (54, 9 пайыз) кайрылуу унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлары;
-3124 (9 пайыз) кайрылуу каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлары;
-3201 (9,20 пайыз) кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралу ;
-1097 (3,2пайыз) кайрылуу жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар тууралу.
Жарандардын жөнөткөн сүрөт видеолору боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда.
Бул ишеним номуру аркылуу ЖКККББгы коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда ыкчам жана натыйжалуу болууда. Ошондой эле жарандар ЖКККББнын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежелерине кайдигер карабаган жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет.