Ататүрк паркындагы жашоочу каза болду.
Ататүрк паркы жакта жашаган 62 жаштагы Сабига Байтурсунова көз жумду. Кошуналары маркум Байтурсунова «Ататүрк паркынын айланасындагы үйлөр бузулат» деген маалыматтардан кийин санааркап, ооруп жүргөнүн айтышууда.
Кошунасы Миркамил Абдивасипов төмөндөгүлөргө токтолду.
«Ар бир адамга канча жашарын Жараткан Кудай өзү өлчөп ченеп берет, бирок эженин оорусуна оору кошкон акыркы күндөрү Ататүрк паркындагы үйлөрдү буздуруу, түрттүрүү тууралуу маселелер көп таасирин берип койду. Анткени эң акыркы митингде 18-майда биз чогулганбыз, ошол жерге эже келе албай калып группага жазган эле «кан басымым көтөрүлүп кетип, ооруканага кайрылдым, митингге келе албай калдым, менсиз өткөрө бергиле» деген. Эң акыркы билдирүүсү ошол болду. Тилекке каршы мына шум ажал алып кетип калды. бул нерседен жаман нерсе издеген жерибиз жок, биз пенде катары айта алабыз эженин жүрөгүн ооруткан жаман иштер болбосо дагы жашаар беле деген үмүт», -деди ал.
Өзүн Толгонай деп тааныштырган дагы бир кошунасы «1 айда үйүбүздү кантип бошотуп беребиз?» деп көпчүлүк жашоочулар сарсанаа болуп жатышкандыгын билдирди.
«Өлүм болуп жаткан жерде бул өтө чоң таасирин тийгизди баарыбызга. Эжени жоготуп алабыз деп ойлогон эмеспиз, кечээ эле катарыбызда жүргөн. Бизге кокустан эле маалымдама берип, туура эмес кадамдан баштап алды өкмөт. Ушунча адамды кайгыга салып жатышат. Бул эже эле эмес көптөр ооруканага жатып жакшы болгондор да бар, дагы ооруп жаткандар бар. Угуп эле жатабыз кошуналардан. Биринчи ошо ким саткан ошол жактан баштап сураштырып баштаса болмок да. Баарыбыз эле шок абалда болуп калдык, кантип бир ай ичинде үйүбүздү бошотуп беребиз деп эле, түшүнүксүз болуп калды»,-деди Толгонай айым.
Эске салсак, 20-майда Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Чогулгандар эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтышып, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын билди