14-февраль сүйүү күнү тууралуу кызыктуу маалыматтар
Ыйык Валентин күнү (англисче Valentine's Day) — жыл сайын 14-февралда дүйөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгиленүүчү бардык сүйүшкөндөрдүн күнү.
Ыйык Валентин күнү 16 кылымдан бери бар деп эсептелет, бирок Сүйүү майрамдары мындан кыйла эрте - бутпарастык маданиятынын мезгилинен бери белгилүү болгон.
Майрамдын тарыхынан
Майрамдын "каарманы" – христиан чиркөө кызматкери Валентин. Бул окуя болжол менен 269-жылга барып такалат, ал кезде Рим Империясын Клавдий II башкарып турган. Согушуп жаткан Рим армиясына согуш жортуулдарын жасоого аскерлер жетишпей жаткан, аскер башчы өзүнүн пландарынын башкы душманы «нике» экенине бекем ишенген, анткени үйлөнгөн легионер империянын атак-даңкын, үй-бүлөөсүн кантип багуу маселесинен кыйла аз ойлойт. Ошондуктан, аскерлердин жоокердик рухун сактап калуу максатында легионерлердин баш кошуусуна тыюу салган императордун буйругу чыккан.
Бирок аскерлердин сүйүүгө чалдыгышы мындан азайып калган эмес. Алардын бактысына императордун каарынан коркпой, легионерлер менен сүйүшкөндөрүнүн никесин жашыруун кыйган адам табылган. Бул адам Терни шаарынан чыккан Валентин аттуу чиркөө кызматкери болгон. Накта романтик адам болгон окшобойбу, себеби анын жакшы көргөн көңүл ачуулары - урушуп кеткендерди элдештирүү, сүйүү каттарын жазууга жардам берүү жана легионерлердин өтүнүчү менен алардын сүйүктүүлөрүнө гүл тартуулоо болгон.
Император бул тууралуу билгенден кийин дароо кылмыштуу ишмердүүлүгүн токтотууну чечет. Валентинди өлүм жазасына тартышат. Жагдайдын дагы бир кайгылуу жери - Валентин түрмөчүнүн кызына ашык болгонунда. Жаза аткарыларына бир күн калганда чиркөө кызматкери кызга өзүнүн сүйүүсү камтылган коштошуу катын жазып, аягына "Сенин Валентиниң" деп калтырган. Кат Валентин жазага тартылгандан кийин гана окулган.
Кийинчирээк Валентин христиандык көп азап чеккен, ишеним үчүн запкы тарткан катары католик чиркөөсү тарабынан ыйыктардын катарына кошулган. А 496-жылы римдик Папа Геласиус (Pope Gelasius I) 14-февралды Ыйык Валентин күнү деп жарыялаган. 1969-жылдан баштап кудайга кызмат кылуу реформасынын жүрүшүндө Валентин (жашоосу жөнүндөгү маалыматттар карама-каршылыктуу жана такталган эмес башка римдин ыйык адамдары менен) католик чиркөөсүнүн литургиялык жылнаамасынан алынып салынган. 1969-жылга чейин да чиркөө бул күндү майрамдоо салттарын колдогон эмес.
Кандай болгон күндө да, так ошол кезден баштап Ыйык Валентин күнүндө сүйүү каттарын - "валентинка" жазуу башталган. Бул күнү үйлөнүү той өткөрүүнү жана нике коюуну жакшы көрүшөт. Cүйүүнүн түбөлүк болуусуна шарт түзөт деп эсептелет.